Милиция "Үйсүздөр маршын" уюштуруп, командировкага кетти делген Асановду издеп жатат

© Фото / Актан Темирканов"Үйсүздөр маршынын" катышуучулары. Архив
Үйсүздөр маршынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык сот шылуунчулукка шектелген Асановду камакка алуу боюнча санкция берген.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте "Үйсүздөр маршын" уюштуруп камакка алынган турак жай-курулуш кооперативдер коалициясынын төрагасы Нурлан Асановго издөө жарыяланганын шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, аны издөө Бишкек шаардык соттун чечиминин негизинде жүрүп жатат. Шылуунчулукка шектелген Асановдун үстүнөн кылмыш иши козголду. Коалициянын маалымат катчысы Асел Өмүрова Асанов из жашырбай эле кызматтык командировкага кеткенин айтты. Азырынча анын кай тарапка жана канча убакытка кеткени белгисиз.

"Эгер аны суракка чакырса же издөө жарыяланса үйүнө чакыруу келмек да", — деди Өмүрова.

Эскерте кетсек, июлдун аягында Бишкектин борборундагы Максим Горький гүл багында 700гө чукул киши митинг өткөрүп, жеткиликтүү турак жай талап кылышкан. Милиция акциянын уюштуруучуларын камакка алган. Алардын арасында Асанов да болуп, аны төрт күнгө камакка алуу чечими чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0