Чек ара кызматы: Үңкүр-Тоого келген өзбек милициясы эч кимди барымтага алган жок

Жазылуу
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен өзбек милиция кызматкерлери телемунарадагы кызматкерлерди барымтага алгандыгын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Үңкүр-Тоого тик учак менен конгон Өзбекстандын милиция кызматкерлери кыргыз жарандарын барымтага алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев билдирди. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен өзбекстандык милиционерлер теле мунарадагы кызматкерлерди барымтага алганын жазып чыгышкан. 

"Биз телемунаранын кызматкерлери менен телефондон байланыштык. Кадимки тартипте эле иштеп жатышат. Аларга өзбек милиция кызматкерлери эч кандай тоскоолдук көрсөткөн эмес. Учурда абал тынч. Буга чейин коюлган талаптар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деди Алимбаев. 

Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү тургун: Аксыда абал тынч
Эске сала кетсек, кечээ Өзбекстандын жети милиция кызматкери Кербендеги Үңкүр-Тоого тик учак менен келип конгон

Сүйлөшүүлөр учурунда кыргыз тарап өзбек кесиптештеринен эмне үчүн бул кадамга барганын түшүндүрүп берүүнү талап кылса, алар буга чейин чек арадан мыйзамсыз өткөн өзбек милиция кызматкерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычындагы милиция постторду алып салуу шартын койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0