Мединага келген кыргызстандык зыяратчылар Меккеге жөнөп кетти

© AFP / STRМекка. Архив
Мекка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ажылык сапарга аттанган 600 кыргызстандык Медина шаарынан Меккеге жөнөп кеткенин муфтияттан билдиришти. 

Быйылкы ажылык сапарга аттана турган зыяратчылардын эң улуу аксакалдарынын бири — Юлдашев Каюм - Sputnik Кыргызстан
Ажыга аттанган 86 жаштагы карыя: балдарымды бутуна тургузууга ушунча убакыт кетти
Маалыматка ылайык, буга чейин "Манас" аэропорту аркылуу Медина шаарына учкан зыяратчылар эки автобус болуп Меккеге сапар алышты. Ар бир автобуста 300дөн жүргүнчү бар. 

Ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет. 

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0