Эмки жылы район борборлорунун жолу 1 млрд. сомго оңдолмой болду

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу каралган жыйын болуп жатат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кийинки жылы район борборлорунун жолун оңдоо үчүн бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын бюджетин кароого арналган жыйында айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө эмки жылы "капиталдык салым" беренеси ички булактардан 2,9 миллиард сомго каржыланат.

"Бул каражат экспортко багытталган продукция чыгаруучу инфраструктураны колдоого багытталат. Мындан тышкары, жаңы лабораторияларды куруу жана ветеринардык диагностиканын аймактык борборлорун оңдоого жумшалат", — деди Жээнбеков.

Муну менен бирге өкмөт башчы "Айылды каржылоо" насыя программасын кеңейтүү үчүн акчанын суммасын 600 миллион сомдон 700 миллионго чейин көбөйтүү каралып жатканын кошумчалады. 

Жыйында Жээнбеков аталган программаны каржылоону жылына көбөйтүп отуруп, көлөмүн 7 миллиард сомго жеткирүү пландаштырылып жатканына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0