Эгемендүүлүк күнү аскер парадынан улам Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив
Ала-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук көчөлөрдөн тышкары "Ак-Кула" ипподромунун көчөлөрү үчүн да жол кыймылы үчүн жабык болот.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-31-август күндөрү Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жол кыймылы үчүн чектөөлөр коюла турганын ИИМ билдирди.

Эгемендүүлүк күнү саат 6.00дөн 24.00гө чейин "Ала-Тоо" аянтындагы төмөнкү көчөлөр тосулмакчы:

  • Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки Чүй проспектиси;
  • Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки Абдымомунов көчөсү (Эски аянт);
  • Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки Киев көчөсү.

Унааларды шаардын экинчи маанидеги көчөлөрүнө токтотуу шарт. Мындан тышкары, "Ала-Тоо" аянтындагы даярдыктан улам жол кыймылына чектөө коюлушу күтүлүүдө.

Муну менен бирге аскер техникасынын кыймылы учурунда да көчөлөр убактылуу жабылат:

  • Чолпон-Ата көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки Чүй проспектиси;
  • Тоголок Молдо көчөсүнөн Фучикке чейинки Чүй проспектиси;
  • Фучик көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки Ден Сяопин проспектиси.

Военнослужащие во время репетиции военного парада к 25-летию независимости - Sputnik Кыргызстан
Аскерлер эгемендүүлүк майрамына карата өтүүчү парадга даярдык көрүүдө
Мындан тышкары, 31-августта саат 10.00дөн 17.00гө чейин "Ак-Кула" ипподромундагы өтчү иш-чаралардан улам Гагарин көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки Термечиков көчөсү жабык болот.

Ага катар аталган ипподромдун башкы кире беришине унааларды токтотууга тыюу салынат. Унааларды шаардын экинчи маанидеги көчөлөрүнө токтотуу шарт.

ИИМ убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0