Кыргызстандан баргандардын Меккеге зыяраты башталды

© REUTERS / AHMAD MASOODЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык зыяратчыларды Медина-Мекке багыты боюнча мурда келишим түзүлгөн Сауд аравиялык фирма ыңгайлуу жана салкын автобустар менен ташууда.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Медина калаасына Бишкек шаарынан келген зыяратчылар кечээ, 20-августта ыйык Мекке шаарына келишти, 2-тобу бүгүн Мекке шаарына сапар алмакчы. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев кабарлады.

Кыргызстандан Меккеге аттангандардын алгачкы тобу 17-август күнү таңда Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан учуп кеткен. 

Маалыматтарда Мекке шаарына келген 300 кыргызстандык мейманканалардан орун алып, жайгашкан. Бул боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын өкүлдөрү жана ажы башчылар иштеп жатат.

"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Аравия падышачылыгында ажыларды автобустар менен камсыз кылуучу Рабита Макка фирмасы менен келишим түзгөн. Учурда Медина-Мекке багыты боюнча автобустар иштеп баштады. Бул ажылык сапарга келген жарандар үчүн түзүлгөн быйылкы ыңгайлуу шарттардын бири болду", — деп билдирди муфтияттын кызматкери Максат Атабаев.

Быйылкы ажылык сапарга аттана турган зыяратчылардын эң улуу аксакалдарынын бири — Юлдашев Каюм - Sputnik Кыргызстан
Ажыга аттанган 86 жаштагы карыя: балдарымды бутуна тургузууга ушунча убакыт кетти
Атабаев автобуста зыяратчылар үчүн бардык шарттар каралгандыгын, башкысы алар ысыктан кыйналбай тургандыгын кошумчалады.

Кыргызстандыктардын Медина шаарындагы 2-тобу эртең, 21-августа Мекке шаарына сапар алмакчы. 

Ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет. 

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0