Эртең таңда өлкөнүн түштүк аймагынан ажыга аба каттамдары башталат

© Фото / пресс-служба ДУМКАжылыкка бараткан мусулмандар. Архив
Ажылыкка бараткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчилерден болуп Ош шаарынан аттанган зыяратчылар учуп кетет.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өлкөнүн түштүк аймагынан Меккеге бара турган зыяратчылар 21-августта таңкы саат 3:00дө эл аралык "Ош" аба майданынан учуп кетет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынын өкүлү Нургазы Каримов билдирди.

Кыргызстандан Меккеге аттангандардын алгачкы тобу 17-август күнү таңда Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан учуп кеткен. 

"Бул сапар алгач Ош шаарынан аттанган зыяратчылар учат. Андан кийин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жашоочулары аттанат", — деди Каримов.

Быйылкы ажылык сапарга аттана турган зыяратчылардын эң улуу аксакалдарынын бири — Юлдашев Каюм - Sputnik Кыргызстан
Ажыга аттанган 86 жаштагы карыя: балдарымды бутуна тургузууга ушунча убакыт кетти
Ал эми Ош облусунун аймагынан бара турган кыргызстандыктар 20-августтан 29-августка чейин Ош эл аралык аэропортунан узатылат. 

Казыяттан учуу атайын графиктин негизинде түнкү убакытка туура келерин, бир рейсте 5 тайпадан турган 250 зыяратчы болорун кошумчалашты.

Ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет. 

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0