Ишембиде өлкөдө күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтандын алдындагы кыз. Архив
Фонтандын алдындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 19-авг — Sputnik. Ишембиде өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы болжол менен түнкүсүн 16…18 градус болсо, күндүз 30…32 градуска чыгат. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Кыргызгидромет 22-августка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сактала турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0