БП: Кайгуул милициясынын унаа айнегин караңгылатуу боюнча түшүндүрүүгө укугу жок

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКараңгылатуу. Архив
Караңгылатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа айнегин караңгылатууга салынган тыюу тууралуу Кайгуул милициясы түшүндүрө баштагандан кийин Башкы прокуратуранын дарегине бир топ даттануулар келип түшкөн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Башкы прокуратура Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгына унаа айнегин караңгылатууга тыюу салган өкмөттүн токтомун эки ача түшүндүрүп жатканын айтып, эскертүү берди. Бул тууралуу аталган ведомство маалымдады.

Буга чейин Кайгуул милициясы чыккан токтомдун алкагында заводдон терезеси күзгү сымал жасалып чыккан унаанын айнектери алмаштырылышы керектигин айтып чыккан. Социалдык тармактагы сын пикирден кийин аталган мекеме бул сунуш катары гана айтылганын билдирген.

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа айнегин караңгылаткан депутат Кожобек Рыспаевге айып салынды
Башкы прокуратура жарандар Кайгуул милициясынын маалыматтарына юридикалык баа берүү өтүнүчү менен кайрылып жатышканын белгилейт.

Көзөмөлдөөчү орган өкмөттүн токтому менен каптал айнектери милдеттүү түрдө караңгылатылуучу унаалардын тизмеси гана бекигенин, документте заводдон эле айнеги караңгылатылган унааларды терезесин алмаштыруу же текшерүүдөн өткөрүү тууралуу сөз болбогонун кошумчалайт.

Укуктук-ченемдик актыларда пайда болгон түшүнбөстүктөр, карама-каршылыктар боюнча токтом чыгарган орган же аталган актыны түзгөн жеке жак гана түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

Бул учурда мындай орган болуп кыргыз өкмөтү эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0