БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Олимпиададан алып келген оор атлетчи Иззат Артыковду коло медалынан Спорттук арбитраждык соттун ажыратып коюшу коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Интернет айдыңындагылар спортчуну жооткоткон, ал тургай айып койгон сотко нааразылык билдирүүнү демилгелеп чыгышты.
Биз төмөндө социалдык тармакта Иззатка ызатын көрсөткөн жарандардын пикирлерине көз салдык.
Равшан Аманов аттуу жаран Иззат чемпион боюнча кала берерин айтып, келерки олимпиадада ийгилик каалады.
Ибрагим Балбаев аттуу колдонуучу башкысы элдин баасы экендигин айтты.
Майрамбек Сыдыков аттуу мекендешибиз спортчуну колдоп, элди сотко нааразычылык билдирүүгө чакырды.
Жумамидин Сулайманкулов бул күтүүсүз кабар чагылган сымал болгонун айтты.
Атактуу төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр бул маселеге президент Алмазбек Атамбаевди кийлигишүүгө чакырды.
Jenishbekova аттуу колдонуучу буга өтө күйүп-бышпай караган маанайда пикир жазды.
Кудай бронзаны берди да, кудай алывалды #Artykov
— настроениеСплин (@jenishbekowa) 19 августа 2016 г.
Бакуля Женишбекованын жазганы тамаша-чыны белгисиз, бирок көз тийип кетти дептир.