Салыкчылардын айынан бюджетке 130 миң сомдук залака келтирилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБланк добровольного патента. Архивное фото
Бланк добровольного патента. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматкерлери мыйзамсыз түрдө ишкерлердин патентин узартып келишкен. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлдөрү бюджетке чыгым алып келгендиги тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынан кабарлашты. 

Ведомствонун маалыматына караганда салык кызматкерлери ишкерлердин патентин мыйзамсыз негизде эски тариф менен узартып келишкен. 

"Мындай кадамдардан улам бюджетке 136,6 миң сом түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта. 

Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 307-беренеси (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0