Кыргызстандан ажылык сапарга аттангандардын алды Медина шаарына жайгашты

© AFP / SAM PANTHAKYЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы 2600 долларды түзөт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандан ажылык сапарга аттангандардын алды Медина шаарына конуп жайгашканын муфтият билдирди. 

Учурда кыргызстандык зыяратчылардын эки тобу жөнөп кеткен. 

"Ажылык сапарга аттангандарды Медина шаарынан атайын түзүлгөн ажылык штабдын өкүлдөрү тосуп алып, беш жылдыздуу мейманканаларга жайгаштырышты", — деп айтылат маалыматта. 

Мейманканаларга жайгашкан соң зыяратчылар Медина шаарындагы ыйык жайларга барып келишкен. 

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы 2600 долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0