Раиса Атамбаева балдардын ак кан илдетин иликтей турган иш-чарага катышат

Жазылуу
Эл аралык конференция Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын залында өтөт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкекте балдардын ак кан оорусу менен күрөшүүдөгү көйгөйлөр боюнча эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Иш-чара Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын залында саат 9.00дө башталып, ага Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев, биринчи айым Раиса Атамбаева, КММАнын ректору Индира Кудайбергеновалар катышат. 

Конференциянын максаты балдардын ак кан оорусу менен күрөшүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулап, алдыда жасала турган кадамдарды аныктоо болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0