Жээнбеков: логистикалык борборлорду курууга ишкерлер да көңүл бурушу керек

© Фото / Айша КамиловаПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков мындай борборлордун зарылдыгын, алар дыйкандар үчүн ЕАЭБ рыногуна жол ача турганын белгиледи.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын учурунда ишкерлерди логистикалык борборлорду курууга активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, иш сапар бүгүн башталган. Анын алкагында премьер Араван районундагы логистикалык борбор менен жашылча-жемиш базасынын иши менен таанышты.

Аталган борбордун жетекчилигинин маалыматы боюнча былтыр бул жерде 100 тоннага жакын жемиш сакталган. Учурда анын сыйымдуулугун арттырып, азык-түлүктү сактоонун ыкмаларын жакшыртуу каралып жатат.

"Борбор 600 чарчы метр аянтта жайгашкан. Сакталган продукция ички жана тышкы рынокко жөнөтүлөт. Учурда ушундай эле борборлорду куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков логистикалык борборлордун зарылдыгын, алар дыйкандар үчүн ЕАЭБ рыногуна жол ача турганын белгиледи. 

"Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү ушундай жайларды курууга көңүл бурса жакшы болот эле. Бул айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн чыгымын азайтып, кардарга жыл бою сапаттуу продукция сатып алуусуна мүмкүнчүлүк бермек", — деди өкмөт башчы. 

Премьер-министр иш сапарынын алкагында Араван районундагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушу менен да таанышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0