БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго эл жашаган аймактарды, инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербөө үчүн гидрологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Министр президентке жакында Чолпон-Ата шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары өзгөчө кырдаалдарга кириптер аймактарда жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү айтты. Аны менен бирге жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.