Өкмөт: маданият өкүлдөрүнүн айлыгы төмөндөйт деген маалымат чындыкка жатпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөт: маданият өкүлдөрүнүн айлыгы төмөндөйт деген маалымат чындыка жатпайт
Өкмөт: маданият өкүлдөрүнүн айлыгы төмөндөйт деген маалымат чындыка жатпайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы маданият тармагында иштегендердин маянасы үчүн бюджеттен 172 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Маданият өкүлдөрүнүн маянасы азайбайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында маданият тармагында иштегендердин маянасы төмөндөйт деген маалымат тарап кеткен. 

"Айлык акы азаят деген маалымат чындыкка жатпайт. Тескерисинче, учурда маданият чөйрөсүндө эмгектенгендердин маянасын жогорулатуу жагы каралууда. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга көтөрүлдү. Бул үчүн бюджеттен 17,5 миллион сом бөлүнгөн", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, 2017-жылы маданият өкүлдөрүнүн маянасы үчүн бюджеттен 172 миллион сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0