Жээнбеков Барак эксклавынан Беш-Үй айылына көчүрүлгөн тургундар менен жолугат

Жазылуу
Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен барган өкмөт башчы көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна жөнөп кеткендигин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Жээнбеков: болгону эркти жана ак ниеттүүлүктү көрсөтүп иштегиле
Иш сапардын алкагында Жээнбеков облустагы курулуп жаткан объектилердин абалы менен таанышып, 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи кыштагынын тургундары менен жолугат. 

Мындан сырткары, премьер-министр Барак эксклавынан көчүп келген Кара-Суу районундагы Беш-Үй айылынын жашоочуларына кезигип, жергиликтүү калктын көйгөйүн угат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0