Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду

© Фото / пресс-служба учреждения "Себат"International Olympiad in Informatics аттуу билим сынагы.
International Olympiad in Informatics аттуу билим сынагы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Информатика предмети боюнча эл аралык олимпиада 1989-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп келет.

БИШКЕК, 18-агв. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Азирет Кенжалиев информатика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу "Себат" билим берүү мекемесинен кабарлашты. 

Маалыматка караганда International Olympiad in Informatics аттуу билим сынагы 12-19-август аралыгында Татарстандын Казань шаарында өтүп жатат. 

"Сынакка "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин төрт окуучусу: Амангелди Жусубалиев, Арсен Касымов, Азирет Кенжалиев жана Болот Бекболотов катышты. Эки турдун жыйынтыгы боюнча Азирет Кенжалиев коло медалга татыктуу болду", — деп айтылат маалыматта. 

Информатика предмети боюнча эл аралык олимпиада (International Olympiad in Informatics) 1989-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө төрт окуучудан турган командасы жана эки жетекчиси менен барууга укуктуу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0