Окумуштуулар кайсы эл кеч картаярын аныкташты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКары киши. Архив
Кары киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажрыйбага катышкандардын арасында жети этникалык топтун мүчөлөрү болгон.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Калифорния университетинин изилдөөчүлөрү латын америка этникалык тобуна кирген адамдар кечирээк картаярын аныкташкандыгы тууралуу РИА Новости Eurekalert агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Латын америкалыктар диабет жана башка ооруларга көп чалдыкканына карабастан европалыктарга салыштырмалуу узагыраак өмүр сүрүшөт. Окумуштуулар мындай көрүнүштү "латын америкалык парадокс" деп аташат", — деп билдирди генетика боюнча профессор Стив Хорват.

Анын айтымына караганда, изилдөөлөр Латын америкалыктар молекулярдык деңгээлде кеч карышаарын көрсөткөн.

Кол кармашкан жубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Изилдөөчүлөр бактылуу никенин дагы бир сырын ачты
Хорват менен анын кесиптештери алты миң адамдын ДНКсын изилдешкен. Тажрыйбага катышкандардын арасында жети этникалык топтун мүчөлөрү болгон: африкалык эки тайпа, афро-америкалыктар, европалыктар, Чыгыш Азиянын жашоочулары, Латын америкалыктар жана генетикалык жактан буларга байланышы бар топторго изилдөө жүргүзүлгөн.

Окумуштуулар ДНКны изилдеп жатып таң каларлык өзгөчөлүктөрдү байкашкан, тагыраагы латын америкалыктардын каны кеч карый турганы аныкталган.

Стив Хорват мындан ары адамдардын башка ткандарынын карышынын ылдамдыгын изилдеп чыгууну пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0