Өкмөт башчы Жээнбеков: болгону эркти жана ак ниеттүүлүктү көрсөтүп иштегиле

Жазылуу
Өкмөт декларацияланбаган товарлардын ташылып келүүсүнө бөгөт коюуну күчтөндүрүү ниетинде

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков декларацияланбаган эл керектөөчү товарлардын жана мунай заттардын ташылып келүүсүнө бөгөт коюу боюнча кеңешмеде тиешелүү тараптардын иштин кызыкчылыгы үчүн ак ниеттүүлүктү көрсөтүп иштөөсүн айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков декларацияланбаган эл керектөөчү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу майлардын ташылып келүүсү боюнча чоң көйгөй бардыгына токтолду. 2016-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча салык кирешелеринин планынын аткарылышындагы артта калуулар 1,4 млрд. сомду түзгөндүгүн белгиледи. Анын ичинде ЕАЭС алкагындагы импортко каралган кошумча нарк салыгы 572,5 млн. сомду түзгөн.

"Биздин ЕАЭБге кошулуубуз өкмөт үчүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү менен катар башкарууну жана эсепке алууну жакшыртуу, ата мекендик ишкерди жана ак ниет салык төлөөчүнү коргоо боюнча жаңы милдетти койду. Мамлекеттик чек ара тилкелериндеги көзөмөл өткөрүү жайлардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу маанилүү болуп турат", – деди Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: электр энергиясына, жылуулук жана таза сууга баа көтөрүлбөйт
Премьер буга байланыштуу мамлекеттик органдарга декларацияланбаган товарлардын ташылып келүүсүнө, салык төлөмдөрүнөн качууга бөгөт коюу боюнча чараларды күчтөндүрүүсү зарылдыгына басым жасады. 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын төрагасы Айбек Кадыралиев декларацияланбаган товарларга карата күрөш биргелешкен түрдө жүргүзүлүүсү тийиштигин, анткени жеке түрдө аны ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты.

Премьер-министр декларацияланбаган товарларды алып кирүүгө каршы ченемдик база бардыгын айтып, иштеш керектигин белгиледи. 

"Болгону эркти жана ак ниеттүүлүктү көрсөтүп, "көмүскө схемалардан" тышкары болуп, мыйзамсыз товарлардын ташылуусуна каршы күрөштө күчтү бириктирүү керек" – деди Жээнбеков.

Премьер кеңешме соңунда декларацияланбаган товарлардын жана күйүүчү-майлоочу майлардын ташылып келүүсүнөн салыктык алымдардан бюджеттик жоготуулардын алдын алуу максатында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0