Вице-премьер Разаков Ош облусундагы чек ара тилкелеринин абалы менен таанышты

Жазылуу
Чек арачылар менен жолугушуу "Эркечтам", "Карамык", "Алтын-Мазар" көзөмөл өткөрүү жайларында болду.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Ош облусундагы чек ара тилкелеринин абалы менен таанышкандыгын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Иш сапар алкагында вице-премьер Араван, Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты.

"Жеңиш Разаков Алай жана Чоң-Алай райондорунда жайгашкан "Эркечтам", "Карамык", "Алтын-Мазар" чек ара заставасынын жана көзөмөл өткөрүү жайларынын ишин көрүп чыкты. Андан сырткары жүргүнчүлөр менен айдоочулардын көйгөйлөрүн укту", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары вице-премьер "Керкидон", "Каримберди" жана "Кызыл-Туу" айылдарында болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0