Оштун активисттерине Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр түшүндүрүлөт

Жазылуу
Ишг-чара видеоконференция аркылуу жүргүзүлүп, ага бардык каалоочулар катыша алат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы активисттерге жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүнө Конституцияга киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жарандык көзөмөл комитети" уюмунун өкүлү Динара Ошурахунова билдирди. 

Анын айтымында, түшүндүрүү иши видеоконференция аркылуу ишке ашат. 

"Ага бейөкмөт уюмдун мүчөлөрүн жана активисттерди чакырганбыз. Мындан сырткары, бардык каалоочулар үчүн эшик ачык. Жаңы өзгөртүүлөр тууралуу юристтер менен коомдук ишмерлер айтып берет", — деди Ошурахунова. 

Ал конференцияга катышкан активисттер алган маалыматын карапайым калк менен бөлүшө турганын кошумчалады. 

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0