Бишкектин Моссоветинде эки сааттан бери троллейбустар токтоп турат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТроллейбус зымдары. Архив
Троллейбус зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук унаанын токтотулушуна троллейбус зымдарындагы авария себеп болууда.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Абдрахманов (мурунку Совет) менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде зымдардын бузулушунан улам троллейбустар токтоп калганын Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул көчө кесилишиндеги зым тетигинин иштен чыгышынан улам болууда.

"Унаа эки сааттан бери токтоп турат. Жеринде эки бригада иштеп жатат. 40 мүнөттүн ичинде баары өз калыбына келет", — деди атка минер.

Милицкийдин айтымында, көчөдө калган унаанын саны белгисиз, бирок учурда үч каттамдын троллейбустары турат.

"Эгер диспетчерлер бул кесилишке чейин да токтотсо, анда 50гө чукул унаа токтоп калышы мүмкүн", — деди ал. 

Унаа тыгыны пайда болгондуктан, жол кыймылын жөнгө салуучу адистер иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0