Баткендеги Ленин атындагы мектепти оңдоого 10 млн. сом жумшалат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМектепте оңдоо иштери. Архив
Мектепте оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 12-август күнү жарыяланып, мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Баткендеги Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы Ленин атындагы мектепти оңдоо үчүн тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, оңдоо иштерине жумшала турган каражат 9 миллион 709 миң 500 сомду түзөт.

Тендер Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестиция, оңдоо жана материалдык камсыздоо департаменти тарабынан жарыяланды. Анын мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0