Муфтият карылар үйүнө эки муздаткыч сатып берди

Жазылуу
Муздаткычтар 2016-жылы битир садагадан чогулган каражатка алынган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Чүй облусунун Төмөнкү Серофимовка социалдык стационардык мекемесине эки муздаткыч белекке берди. Бул тууралуу муфтияттын сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда баасы 56 миң сомдук эки муздаткыч 2016-жылкы битир садагадан чогулган каражатка алынган.

"Социалдык стационардык мекемесинин директору Бакытбек Жунусов Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал тамак-аш азыктарын тоңдурууда чоң көйгөй жаралып жаткандыгын белгилеген", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда аталган карылар үйүндө 380 адам күн кечирип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0