Памир кыргыздарына күзүндө гуманитардык жардам жөнөтүлөт

© Фото / Айгул Борбугул кызыПамир кыргыздары. Архив
Памир кыргыздары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн бара турган экспедициянын катарында медициналык кызматкерлер да бар.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, вице-премьер Гулмира Кудайбердиева бүгүн, 11-августта Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси боюнча жыйын курду. 

Учурда чек арадагы Паянж дарыясындагы суу ташкындарынан улам Памирге болгон сапар сентябрь айына пландалды. 

"Гуманитардык жардам катары дары-дармек, тамак-аш жана азык-түлүк жөнөтүлөт. 22 адамдан турган экспедиция курамында медициналык кызматкерлер да бар", — деп айтылат маалыматта. 

Бул максат үчүн кыргыз өкмөтү 10 миллион сом бөлдү. Учурда Улуу жана Кичи Памирде 1500дөй этникалык кыргыз жашайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0