"Түндүк электр" абоненттери июлда электр энергиясын үнөмдүү пайдаланышкан

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЭлектр лампалары. Архив
Электр лампалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айынын ичинде абоненттер жалпы 279,3 млн. кВт.саат электр энергиясын сарпташкан.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Түндүк электр" мамлекеттик ишканасынын абоненттери үстүбүздөгү жылдын июль айында 12,5 миллион киловатт саат электр энергиясын үнөмдөшкөндүгү тууралуу ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда июль айынын ичинде абоненттер жалпы 279,3 миллион киловатт саат электр энергиясын сарпташкан. 

"Ал эми 2015-жылдын июль айында 8,4 миллион киловатт саат же 5,6 пайыз үнөмдөлгөн", — деп айтылат маалыматта. 

Чүй облусу боюнча да бул айда электр энергия 4,2 миллион киловатт саатка же 3,4 % үнөмдөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0