Муфтият битир-садаганын 20 миң сомун карылар үйүнө бөлдү

Жазылуу
Жардамга муктаж делген карылар үйүндө 218 карыя күн кечирип келүүдө. Алардын ичинен 70 жаран өз алдынча баса албагандыктан төшөктө жаткан адамдар.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы чогулган битир-садаганын 20 миң сомун карылар үйүнө которду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Карылар үйүнүн директору ЭркингүлАбдылдаеванын айтымында, учурда карылар үйүндө 218 карыя күн кечирип келүүдө. Алардын ичинен 70 жаран өз алдынча баса албагандыктан төшөктө жаткан адамдар.

"Битир-садага муктаждарга иштетилүүчү каражат. Кыргызстандагы жалпы мусулмандар муктаждардарга жардам көрсөтүү максатында Рамазан айында битир-садага беришет. Биз ушул каражаттарды учурда мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим-жесир жана кедей-кембагалдарга таратуудабыз", — деп айтылат маалыматта. 

Өз кезегинде карылар үйүнүн жамааты муфтиятка ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0