"Манас" аэропортунда ажатканалар көбөйүп, кезек азаят

© AP Photo / Rich PedroncelliАжаткана. Архив
Ажаткана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорттун ажатканаларын оңдоо иштери 10 күндөн кийин бүтөт.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортундагы ажатканалар толугу менен оңдолуп жатат. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Аэропорттун өндүрүштүк оңдоо жана курулуш бөлүмүнүн Бишкектеги филиалынын жетекчиси Сергей Борискиндин айтымында, жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүп жаткандыктан ажатканалар жетишсиз боло баштаган. Буга ылайык аэропорттун жетекчилиги санитардык түйүндөрдү кайрадан пландаштыруу чечимин чыгарган. 

"Буга чейин эки гана ажаткана болсо, эми аялдар менен эркектерге бир нече ажатканалар салынат", — деп билдирди Борискин. 

Боом капчыгайындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боомдогу ажатканалар бир айдын ичинде жөнгө салынмай болду
Анын айтымына караганда санитардык түйүндөргө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дагы ылайыкташкан кабинкалар жасалган. 

Аэропорттун өкүлү билдиргендей имараттын ичиндеги пол менен дубалдар жаңыртылып, түтүктөр алмаштырылып жатат. Анда жалаң гана заманбап курулуш материалдары пайдаланылууда. 

Эркектер үчүн жасалган ажаткана толугу менен ишке берилсе, аялдардыкында иш уланып жатат. План боюнча 10 күндүн ичинде бүткөрүлүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0