Көчмөндөр оюндарына кайдан жана кантип билет алууга болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк-бөрү оюнунун көрүүчүлөрү. Архив
Көк-бөрү оюнунун көрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндарына билет сатуучу жерлер өлкө боюнча алты гана жерде ачылат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттер бир гана Кыргызстанда сатылат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, сатуу бөлүмдөрү Бишкек шаарында төрт жерде, Ош шаарында эки жерде ачылат.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан расмий билет сатып алууга мүмкүнчүлүгү жокторго атайын компьютердик тиркеме иштелип жатат. Жакынкы күндөрү даяр болот. Билеттин канча сом болору азырынча белгисиз", — деп айтылат маалыматта. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары улуттук кийими - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын спортчулары Көчмөндөр оюнунда чапан кийип чыгышат
Катчылыктын билдиришинче, билеттер оюндун ачылуу жана жабылуу салтанаттарына гана сатылат. Ал эми калган жарыштар акысыз өтөт. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0