Мэрия мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузууда

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин "Балбан Таймаш" жаңы конушунда мыйзамсыз курулган үч үйдүн фундаменти түрттүрүлдү.
Бишкектин Балбан Таймаш жаңы конушунда мыйзамсыз курулган үч үйдүн фундаменти түрттүрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан "Балбан Таймаш" жаңы конушунда муниципалдык аймакты белгисиз адамдар тарабынан басып алуу фактысы табылган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектин "Балбан Таймаш" жаңы конушунда мыйзамсыз курулган үч үйдүн фундаменти түрттүрүлгөнүн мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш департаменти Бишкектин аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу чараларын көрүп жатат. 

"Атайын комиссиянын чечими менен "Балбан Таймаш" жаңы конушунда салынып жаткан үч үйдүн фундаменти бузулуп, даярдалган курулуш материалдары чыгарылды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Департамент муниципалдык менчикти мыйзамсыз басып алгандар кылмыш жана административдик жазага тартыла турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0