Мэрия шаардыктарды коррупциялык көрүнүштөрдү маалымдоого чакырды

Жазылуу
Мэриянын бөлүмү Антикоррупциялык кызмат, УКМК, ИИМ, прокуратура органдары менен биргеликте иш алып барат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун өз ишин так аткарбаган, кызматын кыянаттык менен пайдаланган, коррупциялык көрүнүштөргө жол берген муниципалитет кызматкерлери тууралуу шаар администрациясына кабарлоого чакырат.

Таразада турган оюнчук автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соттор киреше-чыгашасы тууралуу айтып турууга милдеттендирилди
Былтыркы жылдын июль айынан тарта мэриянын башкы аппаратында укук коргоо органдары менен бирдикте коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү ачылып, коррупциялык көрүнүштөрдү жана коркунучтарды өз алдынча таап чыгып, материалды укук коргоо органдарына тапшырып келет. 

Ошону менен бирге Антикоррупциялык кызмат, УКМК, ИИМ, прокуратура менен бирдиктүү аракет көрүлүп келет. Аталган бөлүм ачылгандан бери бир топ системалык тартип бузуулар ачыкка чыгып, тапшырылган материалдар боюнча кылмыш иштери козголгон. 

Мэрия коррупциялык фактылар аныкталса, 61-08-27 телефону аркылуу байланышууга болорун белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0