Кыргызстанда балдардын салттуу баш кийимдерине сынак жарыяланат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар конкурстун максаты — балдардын салттуу кийимине кызыгууну кайра жаратуу экендигин айтышты.

БИШКЕК, 09-август. — Sputnik. Өлкөдө "Кыргыздын салттуу балдар баш кийими" деп аталган конкурс өткөрүлүп, ага каалаган тараптар катыша алат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун сайтында кабарланган. 

Бул конкурстун максаты — кыргыздардын маданий жана руханий жактан бирдейлиги катары балдардын салттуу кийимине кызыгууну кайра жаратуу. Маданий-руханий эстелик катары баш кийимдердин ар түрдүүлүгүн сактоо, Кыргызстандын, региондун чектеринде жана чет өлкөлөрдө баш кийимдерди элдин маданий бирдейлигинин элементи катары даңазалоо деп белгиленген. 

"Конкурска катышуу үчүн элдик чеберлер, сүрөтчү-модельерлер, республиканын атайын чыгармачыл жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринин окуучулары жана педагогдору чакырылат. Катышуучулардын курагы чектелбейт", — деп айтылат маалыматта.

Модельерлерден, тарыхчылардан жана этнографтардан турган калыстар тобу мыкты костюмдарды бир нече критерийлер боюнча тандайт. 

Конкурстун жыйынтыктары "Манас урпактары" деген аталыштагы фестивалдын алкагында 2016-жылдын 5-ноябрында чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0