Ат, төө минген Кытай кербенчилери Кыргызстанды аралайт

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүКербенчилер. Архив
Кербенчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кербендин курамында чыгармачыл топтор, автоунаа жана атайын техника, алачык лагери, талаа ашканасы, 54 төө жана 10 ат болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекке Кытайдан маданият жана кызматташуу кербени келерин шаардык мэриядан билдиришти.

Шаар жетекчилиги Кытайдан келе турган кербенди тосуп алуу боюнча жыйын өткөрдү.

Кербендин максаты Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамилени чыңдоо жана Көчмөндөр оюндарына катышуу болуп саналат.

Жаа атып жаткан спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 80 көзгө атар катышкан жаа атуу боюнча турнир өтөт
Бул долбоор республикалык "Манас" жаштар борбору тарабынан демилгеленген.

Караван Кыргызстан боюнча август айынан сентябрга чейин өтөт. Иш-чаранын катышуучулары калктуу конуштар аркылуу жөө өтүп, "Кырчын" жайлоосунда боло турган маданий иш-чарага катышат.

Анын алкагында маданий, маалыматтык иш-чаралар өтүп, "Шэньси Цзин Шэн Юй Фу" чай корпорациясынын эң мыкты чайларынан даам татып көрүүгө болот.

"Маданият жана кызматташтык кербени" Кыргызстандын аймагын аралап, Ош шаарынан сапарын карытат.

Кербендин курамында чыгармачыл топтор, автоунаа жана атайын техника, алачык лагери, талаа ашканасы, 54 төө жана 10 ат болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0