Каскадер Адилет Акматов: 50дөн ашык жаракат алып, өрттөнүп да кеткем

© Sputnik / Табылды КадырбековАктердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган Адилет Акматов.
Актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган Адилет Акматов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик жана көптөгөн чет элдик тасмаларда актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган сүрдүү жана сырдуу Адилет Акматовду журналист Гүлдана Талантбекова кепке тартты.

Ал бизди каскадерлор дүйнөсүнө жетеледи. Акматов белгиленген убактан эрте жардырып жиберишкенде, мойну чыгып кетип, колдор кырсылдап сынганда кандай абалда болгонун, ошондой эле актерлук менен каскадерлуктун сырларын айтып берди.

— Адилет мырза, кепти акыркы жаңылыктардан баштасак. Жакында эле россиялык таанымал актер Сергей Светлаков менен белгилүү бир уюлдук компаниянын ролигине тартылдыңыз?

15 жаштагы жаш ырчы Кылыч Эдик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кылыч Эдик: "Көк бөрү" ырымды көчмөндөр оюндарында ырдасам дейм
— Биз былтыр жазында "Викинг" деген долбоорго Кыргызстандан 15, Казаксандан 30 киши тартылганбыз. Анын оператору менен жакшы мамиледе болуп калгам. Кийинчерээк Россиядан жарнама тарткан продакшн студиясы актерлерду издегенде, ал оператор бизди сунуштаптыр. Эки ай мурун каскадерлор уюмуна сунуш түштү. Топтун жетекиси Жайдарбек Кунгужинов роликке тартылууга мени үч балам менен жиберди. Сергей Светлаковдун трюк аткарган жеринде Игорь деген шакиртим дублер болду. Ал жактан эки күн даярданып, үчүнчү күнү тартылдык. Ал ортодо бош убакыттар көп болуп актерлор менен пикир алмашып, таанышканга шарт түзүлдү.

— Сизде бала кезден эле каскадерлуктун чымыны болсо керек, тамдан-тамга секирип, дубалдан шыпырылып түшүп дегендей?

— Мектепте окуп жүргөндө эле бул чөйрөгө аралаша турганымды билчүмүн. Ошондуктан өзүмө максат койгом. Эсимде, экинчи классымда буга кызыгып, ар кайсы жерден секирип да жүрдүм. 

— Мектепте окуп жүргөндө көп мушташчу белеңиз?

— Жок, тескерисинче. Азыр деле өзүм каскадер болгонум менен мушташтан алысмын. Конфликт болгон кырдаалда маселени муштум менен чечүүдөн качам. Азыр ойлосом акыркы жолу беш жыл мурун парктан мушташыптырмын. Анда деле катуу кеткен эмеспиз, бир аз жулмалашуу болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековАдилет Акматов: өзүм каскадер болгонум менен мушташтан алысмын. Конфликт болгон кырдаалда маселени муштум менен чечүүдөн качам
Интервью с каскадером Адилетом Акматовым - Sputnik Кыргызстан
Адилет Акматов: өзүм каскадер болгонум менен мушташтан алысмын. Конфликт болгон кырдаалда маселени муштум менен чечүүдөн качам

— Анан каскадерлуктун даңгыр жолуна кантип түштүңүз? Атайын окуу, курстардан өттүңүз беле?

— Бизде атайын каскадерлуктун окуусу жок. Мектепте өзүм теңдүү балдар менен чогуу секирип, трюктарды жасап көрүп кийин жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин кыскача роликтерди тарта баштаганбыз. Ошол нерсенин аркасы менен аралашып калдык. 

— Атайын устаттан өнөр үйрөнгөнсүзбү?

— Жеки Чан мага устат болуп берди десем жаңылышпайм. Биздин учурда видео магнитофондор жаңы пайда болгон. Ошондо биринчи Жеки Чандын, көптөгөн Голиввуд актерлорунун трюктарын көрүп, катуу таасирленгем. Андан кийин өзүбүздүн кинолордон Үсөн Кудайбергенов агабыздын трюктарына кызыктым. Менин устатым болгон эмес. Баарын көрүп өзүм жасап үйрөндүм. 

— Бул деле спорттук чеберчиликти талап кылса керек?

— Мектепте окуп жүргөндө акробатика менен машыкчумун. Анын пайдасы каскадерлукта өтө маанилүү. Негизи ар кандай спорттун түрүн талап кылат. Альпинизмди өздөштүрүп алса андан да жакшы. 

— Казакстандагы айтылуу "Nomad" каскадерлор тобунда иштейт экенсиз. Ал жак менен иштөө сизге ыңгайлуубу?

— Мени менен чогуу Алматыда кыргызстандык ондон ашык бала расмий түрдө иштейт. Ал жактан бизге ири долбоор, картиналар болоордо кабар беришет. Ошого жараша убакытты караштырып барып келип иштейм. 

— Бизде дагы каскадерлордун уюму барбы, болсо абалы кандай?

— Бизде эми гана тасмалар байма-бай тартылып баштабадыбы. Бирок масштабдуу фильмдер тартыла элек. Анан бизде каскадерлор аралашкан тасмалар азыраак. Мындан "Курманжан датка" фильминде бир аз бул чеберчилик көрсөтүлдү. Анын үстүндө биздин сураган тыйынды бере алышпайт. Көбү ошондон качышса керек. Мурун каскадерлор көп сурайт экенсиңер деп айтышчу. Азыр, кудайга шүгүр, бизге түшүнүү менен мамиле кылып, эмгекти баалап калышты. Абалы жакшы буюрса, аракеттер бар. Бизде каскадерлордун үч-төрт тайпасы бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАдилет Акматов: мен жаш кезимде өзүмдү аябай эле тобокелге салчу экемин. Бирок тобокелчиликти ыңгайына карап колдонуу туура. Адамда коркуу сезими болбосо, ал олуттуу кырсыкка учурашы мүмкүн
Интервью с каскадером Адилетом Акматовым - Sputnik Кыргызстан
Адилет Акматов: мен жаш кезимде өзүмдү аябай эле тобокелге салчу экемин. Бирок тобокелчиликти ыңгайына карап колдонуу туура. Адамда коркуу сезими болбосо, ал олуттуу кырсыкка учурашы мүмкүн

— Каскадерлук менен жан бакса болобу?

— Кошумча жумушум жок. Кээде буйрутма аркылуу роликтерди тартабыз. Акыркы күндөрү трюктарды чанда эле аткарып, аларды коюучу болуп калдым. Негизи чет жактарга чыкканда жакшы эле төлөнөт. Ккаскадерлук менен үй-бүлөмдү багып жатам. Кудайга шүгүр.

— Биз кыргыздар тобокелчил болот эмеспизби. Каскадердукта бул сапатты колдонсоңуз керек?

— Мен жаш кезимде өзүмдү аябай эле тобокелге салчу экемин. Бирок тобокелчиликти ыңгайына карап колдонуу туура. Адамда коркуу сезими болбосо, ал олуттуу кырсыкка учурашы мүмкүн. Кээ бир кызуу кандуу жаштар "мен кылам" деп жулуна беришет. Башка каскадерлорго салыштырмалуу биз бир нерсени бат өздөштүрүп кетебиз. Бизде тобокелчиликтен мурун коркуу сезими жокко эсе да. Кылам деген нерсени кылат. 

— Каскадерлук кооптуу иш экени маалым. Сиз да анын кесепетин жон териңиз менен сезсеңиз керек?

Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер: мен спортко жөн эле бирөөнү бетке-көзгө койгулайын деп келген эмесмин
— Кичинемде устатым жок болгондуктан өз алдымча үйрөнөм деп ар кандай трюктарды ийгиликсиз жасаганым үчүн сыныктар көп. Эсимде мойнум катуу сынган, ошону такыр унутпайм. Болжол менен 50дөн ашык жаракатым бар. "Кудай өзүң чоң сактадың" деген учурлар болгон. Бир жолу Россиянын "Гаишники" сериалын тартып жатканда ойдо жок жерден менде паника пайда болгон. Анткени экинчи кабаттан өрт чыкканга чейин секирмекмин. Мен башкаларга бутум чыккандан кийин жардыргыла дегем. Алар бутум эмес өзүм чыга электе жардырып жиберишишкенде от-жалын менен аралашып чыккам. Коркуп эч кимди карабай көл жакка чуркаганымда аркамдагылар кубалап барып, мени басып жыгылып өрттү өчүрүшкөн. Негизи күйүктөн сактоочу атайын каражаттар болот. Мен аларды колдонгон эмесмин. Сакалым, чачтарым, буттарым күйгөн. Ошондо өзүмдөн чоң тынчсызданууну сезгем. 

— Катуу жаракат алганда эмне жөнүндө ойлоносуз?

— Жаның кыйналганда биринчи эле "эмнеге каскадер болдум, башка жумуш калбай калгансып эмнеге бул кесипти тандадым экен" деген ой кетет. Кичине жакшы болгондон кийин кайра эле баягы… Себеби бул жашоо образы болуп калды. Негизи кесипкөйлүгүң жогорулаган сайын, жаракат албаганга аракет жасап калат экенсиң. 

— Сүрдүү көрүнөт экенсиз…

— Ошентип айтышат. Негизи аз сүйлөйм. Укканды жакшы көрөм. Чынын айтсам, журналисттерден да болушунча качам. Силерге деле кокусунан кармалып калдым(күлүп).

— Эмне жөнүндө кыялданасыз?

— Кыял деген нерсени мен ишке ашпай турган нерсе деп ойлойм. Кыял чексиз болуш керек жана анын түпкүрүндө ишке ашпай турганын түшүнүп жашашың керек. Мен мисалы космоско абдан кызыгам. Ал жакта бизден башка ким жана эмне бар болду экен деп ойлоном. 

— Анда сизди алдыда кандай максаттар күтүп турат?

— Бизде жаштар арасында таланттуулар абдан көп. Көбү мага устат болуңуз деп суранышат. Үйрөнөм дегендерге жардам берип турам. Буюрса ошолорго убакыт караштырып, мектеп ачсамбы деп ойлонуп жүрөм.

— Каскадерлук менен канча убакытка чейин алектенсе болот?

— Биздин арабызда алтымыштан өткөндөр бар. Дагы деле секирип жүрүшөт. Ошол эле учурда ушул курактан баштоо керек деген чек да жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0