Алмазбек Атамбаев пакистандыктардын аза кайгасын тең бөлүштү

Жазылуу
8-августта Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканада жардыруу болуп анда жүзгө жакын киши каза болгон.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканада болгон террористтик актыга байланыштуу өлкө президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтканын КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 8-августта Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканада жардыруу болуп анда жүзгө жакын киши каза болгон. 

"Кветта шаарындагы террористтик актыдан улам көптөгөн курмандыктар болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул үрөй учурган мыкаачылык актыны чечкиндүү айыптап, терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүү маанилүү экендигин белгилейт", — деп айтылат телеграммада.

Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына колдоо билдирип, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0