Жарандыгынан ажыраган кыргызстандык террористтер кайда барат?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашкандай учурда Сириянын аймагында 600гө чукул кыргызстандык жаран бар.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандык террорчу жана экстремисттерди өлкө жарандыгынан ажыратууга жол берген мыйзамга кол койгон.

Өлкө башчы тарабынан колдоого алынган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-июнда кабыл алынган. 

Мыйзамдын демилгечилеринин бири болгон депутат Искендер Матраимовдун айтымында, экстремисттик-террористтик аракеттерди Кыргызстандын аймагынан тышкары жакта жасагандардын гана жарандыгы алынат. 

"Мыйзам долбоору боюнча алар жарандыктан төмөнкү учурларда ажыратылат. Кыргызстандык жаран чет мамлекеттин аскердик же чалгындоо кызматына кирген болсо. Террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргызстандын аймагынан тышкары жакта өтсө. Чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышкан болсо. Тагыраагы, алар мекенине экинчи кайтып келе албайт", — деп билдирди депутат. 

Мындай чара Кыргызстандын аймагындагы экстремисттик-террористтик кадамдарга барып соттолгондорго тиешеси жок. 

"Өлкө аймагында кармалгандар Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кадимкидей эле жоопко тартылышат. Бирок алардын жарандыгы алынбайт", — деп кошумчалады Матраимов. 

Кыргызстандын ичинде жасалган экстремисттик-террористтик ишке катыштыгы үчүн соттолгондорго мунапыс колдонууга тыюу салынат. Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашкандай учурда Сириянын аймагында 600гө чукул кыргызстандык бар. 

Пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева на побережье Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Түркия, паранжа, 60 жылдык той. Атамбаев журналисттер менен эмне тууралуу сүйлөштү
Мыйзамды демилгелеп чыккан дагы бир депутат Улан Примов соттун чечимисиз жарандыктан ажыратуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

"Кыргызстандын жараны кайсы бир террористтик уюмдун мүчөсү экендиги тууралуу соттун чечими чыкмайын, анын жарандыгын алып салууга мүмкүн эмес. Чет жакта болжолдуу түрдө 600гө чукул кыргызстандык террорист бар. Мыйзам күчүнө киргенден тарта, алардын күнөөсү аныкталса четинен атуулдуктар алына баштайт", — деп билдирди Примов. 

"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник кабыл алынган мыйзам Конституцияга каршы келбей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Конституцияга эч бир жагынан каршы келбейт. Себеби, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өлкөгө каршы согуштук аракеттерди жасагандардын жарандыгын жокко чыгарууга жол берилет", — деп билдирди Плужник.

Юристтин айтымында, жарандыкты жокко чыгаруу үчүн тергөө органдары эки нерсени далилдеши керек:

  1. Кыргызстандын аймагында сөз болгон террористтик топко расмий түрдө тыюу салынган болушу керек; 
  2. Кыргызстандын жараны ошол топтун мүчөсү экени далилденүүсү зарыл. 

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан терроризмди каржылоо тобокелчилиги боюнча 60-орунда турат
Ушундай эле мыйзам долбоорун Россиянын Мамлекеттик Думасы талкууга алып чыкканы менен ал колдоо тапкан эмес. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган террористтерди "саткындар" деп атап, алардын жарандыгын алып салуу маселесин көтөргөн. Ал эми Малайзия үстүбүздөгү жыл ичинде чет өлкөлөрдө террористтик топтордун курамына кирип кеткен 68 жарандын паспортун жокко чыгарды. Коңшу Казакстандагы бир катар террористтик чалгындоолордон кийин "Эксперт" клубунун жыйынында согушкерлердин жарандыгын жокко чыгаруу маселеси көтөрүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0