Беш метрлик бала менен чымчыктар бишкектиктерди тазалыкты сактоого чакырат

© Фото / Арслан Нарынбек уулу"Мен Бишкекти жакшы көрөм" деп аталган арт-долбоордун алкагында шаардын тазалыгын сактоого чакырган бала менен чымчыктардын беш метрлик сүрөтү
Мен Бишкекти жакшы көрөм деп аталган арт-долбоордун алкагында шаардын тазалыгын сактоого чакырган бала менен чымчыктардын беш метрлик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык темадагы граффитинин авторлору эртели-кеч искусство шаардын жашоочулары менен конокторун Бишкектин тазалыгын сактоого мажбур кылат деп эсептешет.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. "Мен Бишкекти жакшы көрөм" деп аталган арт-долбоордун алкагында шаардын тазалыгын сактоого чакырган бала менен чымчыктардын беш метрлик сүрөтү пайда болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына BASICOLORS арт-тобунун катышуучусу, аталган долбоордун координатору Виктор Цой айтып берди. 

Бишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин мектеп дубалындагы граффити таштандыны атайын челекке салууга чакырат
Мындай масштабдагы граффити-долбоор Борбор Азияда биринчи ирет ишке ашып отурат. Буга окшогон сүрөт мындан бир аз убакыт мурда шаардагы №5 компьютердик гимназиянын имаратынын дубалдарында пайда болгон. 

Бул ирет граффити Мураталы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык училищеде пайда болду.

"Экология темасын шаардыктар өздөрү тандап алышты. Бул сүрөттү тартуунун алдында Бишкектин тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. Бардыгы калаанын тазалыгын сактоо туурасында айтышты",— деди Цой.

Граффити дубалдын расмий бет ачары эртең, 9-августта болот.

Долбоордун алкагында шаардыктар сунуштаган дагы эки тема боюнча көп кабаттуу үйдүн маңдай жагына сүрөттөр түшөт. Долбоор "Сорос — Кыргызстан", Бишкек шаардык мэриясы жана Шаарларды өнүктүрүү боюнча агенттиктин колдоосу менен ишке ашып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0