РФтеги элчилик: Москвадагы массалык мушташка кыргыздардын катыштыгы тастыктала элек

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМдин Москвадагы консулдук бөлүмү менен өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мушташтын чоо-жайын аныктоого бир нече күн коротушту.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Москвада болгон массалык мушташка катышканы азырынча тастыктала элек. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Тапанча кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыргыздардын үйлөнүү тоюнда кудалар орун талашып атыша кетишти
Буга чейин Интернетте азиялык бир нече жигиттин мушташып жатканы тартылган видео пайда болуп, анын Москвада тартылганы божомолдонгон. Унаа ичинен тартылган роликте күбөлөрдүн кыргызча сүйлөшүп жатканы даана угулат. Массалык мушташты байкагандар жолдун тиги тарабына өтүп, окуя болгон жерге жакын барышат.

Байымбетованын айтымында, консулдук бөлүмдүн кызматкерлери мушташтын чоо-жайын иликтөөгө бир нече күн сарпташкан.

"Видео абдан эски, алдын ала маалымат боюнча бул Москвада эмес, башка жерде болгон. Акыркы мезгилде кыргызстандыктардын катышуусу менен массалык мушташ тууралуу Москванын күч органдарына эч кандай маалымат келген эмес. Бирок консулдук дипломатиялык каналдар аркылуу Россиянын башка шаарларына да сурам жөнөттү", — деди ал. 

Байымбетова КР ТИМнин Москвадагы өкүлчүлүгү аталган видео боюнча кабардар экенин, бирок алар да эч кандай тастыктай турган маалыматка ээ эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0