Көчмөндөр оюнунун ачылыш жана жабылыш аземин дрон менен тартууга тыюу салынды

Жазылуу
Кырчын жайлоосунда жана ипподромдо өтө турган ат оюндарын тартууну каалагандар катчылыктын уруксаты менен оюн ишке ашырса болот.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанатында дрон (асмандан тасмага тартуу) пайдаланууга тыюу салынат. Бул тууралуу оюндардын катчылыгы билдирди. 

Участники танцевальной группы во время I Всемирных Игр Кочевников в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Алматыда Көчмөндөр оюну расмий тааныштырылат
Ага ылайык, 3 жана 8-сентябрь күндөрү жана даярдануу учурунда 28-августтан 2-сентябрга чейин асмандан тартууга жол берилбейт. 

Ал эми Кырчын жайлоосунда жана ипподромдо өтө турган ат оюндарын тартууну каалагандар катчылыктын уруксаты менен тилегин ишке ашырса болот. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0