Окумуштуулар бойдокчулук жашоонун оң жактарын айтып берди

Жазылуу
Изилдөөлөргө ылайык, АКШда 124,6 миллион адам бойдокчулуктун күнүн кечирет. Бул деген жалпы калктын 50,2 пайызын түзөт

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Окумуштуулар бойдукчулук жашоонун оң жактарын айтып бергендигин РИА Новости EurekAlert агенттигине таянуу менен жазып чыкты. 

Калифорния университетинин профессору Белла Де Пауло Америкалык психологдордун 124-конференциясында бойдокчулук жашоонун оң жактары тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү.

"Изилдөөлөргө ылайык, бойдоктор ата-энеси, бир туугандары жана достору менен жакшы мамиледе болушат. Мындан сырткары адам катары жакшы өнүгүп, көп нерсе үйрөнө алат. Ошондой эле бойдоктор үй-бүлөлүүлөргө караганда жумушун баалап турушат", — деди окумуштуу.

Изилдөөлөргө ылайык, АКШда 124,6 миллион адам бойдокчулуктун күнүн кечирет. Бул деген жалпы калктын 50,2 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0