Ош шаарында таза суунун пайдаланылышы көзөмөлгө алынды

Жазылуу
Шаардагы "Ошшаарсууканал" менен келишим түзгөн бардык ишканалар текшерүүдөн өтмөкчү.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ош шаарында мэриянын атайын комиссиясы "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасы менен биргеликте таза сууну натыйжалуу пайдалануу боюнча жеке жана коммерциялык объектилерди текшере баштады. Бул тууралуу калаа администрация билдирди.

Мында унаа тазалоочу жайлар, жеке бала бакчалар, кафе, чайхана, ресторандар рейдден өттү. 

"Натыйжада суу өлчөөчү счетчиги жок же анысы иштебен объектилерге суу берүү токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Оштун вице-мэри Асылбек Топчубаев аталган рейд Оштун айрым бөлүгүндө ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам жүргүзүлүп, мындан ары да кемчилиги аныкталган ишканаларга суу берилбей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0