Саймачы Алмаз Кожогулов: алгач кошуналардан жашынып жүрдүм

© Фото / Гулдана ТалантбековаСаймачи из Ак-Талинского района Алмаз Кожогулов с портретом Владимира Путина из ниток
Саймачи из Ак-Талинского района Алмаз Кожогулов с портретом Владимира Путина из ниток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бекеринен таланттын баары айылда катылып жатат деп айтышпаса керек. Ак-Талаа районунун тургуну Алмаз Кожогулов 28 жылдан бери сайма сайып келет. Болгондо да мал доктурдун ийнеси менен Акаевден тарта учурдагы аткаминерлерге чейинки бейнелерди саймага түшүргөн чебер.

Айрымдары эле буйрутма болбосо саймачы таасирдүү адамдардын портреттерин өз каалоосу менен жасайт экен. Журналист Гүлдана Талантбекованын саймачы мырзанын жашоосуна жана эмне үчүн бул өнөрдү аркалап жатканына кызыгып көрдү.

— Сайма менен канча убакыттан бери алектенип келесиз?

— Мен өзүм сүрөтчүмүн. Борбордогу Чуйков окуу жайын бүткөндөн кийин 1983-жылдары Ак-Талааага келип Маданият үйүндө иштеп калдым. Ошондо жалаң эле боек, карандаш, сүрөтчүгө эмне ылайыктуу болсо, ошолор менен иштеп жүргөм. Аймактык беш сүрөтчү биригип алып иштедик. Убакыт өтө берди, сүрөттү сатып алганга элде деле акча жок болгондуктан эмерек жасай баштадым. Сандыктан бери жасачубуз. Тактай тилип жатканда оң колумдун аты жогу менен чыпалагын алдырып алдым.

© Фото / Гулдана ТалантбековаАлмаз Кожогулов сайманын жоголуп бараткан чукуп саюу түрү менен алектенет
Алмаз Кожогулов сайманын жоголуп бараткан чукуп саюу түрү менен алектенет - Sputnik Кыргызстан
1/5
Алмаз Кожогулов сайманын жоголуп бараткан чукуп саюу түрү менен алектенет
© Фото / Гулдана ТалантбековаАлгач сүрөтүн сайып берип, жубайы саймасын түшүрсө, кийинчерээк баарын өз колуна алган
Алгач сүрөтүн сайып берип, жубайы саймасын түшүрсө, кийинчерээк баарын өз колуна алган - Sputnik Кыргызстан
2/5
Алгач сүрөтүн сайып берип, жубайы саймасын түшүрсө, кийинчерээк баарын өз колуна алган
© Фото / Гулдана ТалантбековаУшу тапта Кожогуловдордун үй-бүлөсүндөгү кыз-келиндердин баары сайма сайышат
Ушу тапта Кожогуловдордун үй-бүлөсүндөгү кыз-келиндердин баары сайма сайышат - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ушу тапта Кожогуловдордун үй-бүлөсүндөгү кыз-келиндердин баары сайма сайышат
© Фото / Гулдана ТалантбековаБелгилүү адамдардын портретин саюу — Кожогуловдун жүрөгүнөн чыккан каалоосу
Белгилүү адамдардын портретин саюу — Кожогуловдун жүрөгүнөн чыккан каалоосу - Sputnik Кыргызстан
4/5
Белгилүү адамдардын портретин саюу — Кожогуловдун жүрөгүнөн чыккан каалоосу
© Фото / Гулдана ТалантбековаЖогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин саймаланган портрети
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин саймаланган портрети - Sputnik Кыргызстан
5/5
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин саймаланган портрети
1/5
Алмаз Кожогулов сайманын жоголуп бараткан чукуп саюу түрү менен алектенет
2/5
Алгач сүрөтүн сайып берип, жубайы саймасын түшүрсө, кийинчерээк баарын өз колуна алган
3/5
Ушу тапта Кожогуловдордун үй-бүлөсүндөгү кыз-келиндердин баары сайма сайышат
4/5
Белгилүү адамдардын портретин саюу — Кожогуловдун жүрөгүнөн чыккан каалоосу
5/5
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин саймаланган портрети

Акаевдин учурунда бул жактагылар герб, желек сайып бериңиз деп айтып калышты. Мен сүрөтүн чийип бердим, колуктум ага сайма түшүрөт. Туура эмес сайылып калса, экөөбүз таарынышып калабыз. Анан байбичеме "берчи, мындан кийин өзүм эле саяйынчы" деп айттым. Ошондон тарта өзүм саям, үйдөн колуктум, кыздарым, келиндерим да кем калышпай сайма сайышат. 

— Бул саймалардын түрүн ким ойлоп тапкан?

Сүрөтчү Атамбаевдин сүрөтүн тартып, Судьбе назло ырына клип жасады - Sputnik Кыргызстан
Сүрөтчү Атамбаевдин сүрөтүн тартып, "Судьбе назло" ырына клип жасады
— Чукуп сайган сайма менен иштеген кишилер азыр жок. Илгери 90-жылдары үйдөгү килемдер ушундай ыкма менен түшүрүлүп мода болуп кеткен. Башка саймалардан ошонусу менен айырмаланат. Алгач килем гана сайып жүрчүбүз, кийин башка нерселерди деле жасаса болот экен деп ойлоп койгом. Жумушсуз калганда саймадан деле сүрөт тартса болорун билдим. Кийин эл Акаевдин сүрөтүн кабинетке коет элек портретин сайып бербейсизби дегенден сайып бергем. Чынын айтсам өзүмө жаккан эмес, элге шумдук жагыптыр. Анан биринин аркасынан бири болуп жатып абдан такшалып кеттим. 

— Бул аракетиңизди жакындарыңыз кандай кабыл алды?
— Жакындарды кой, башында өзүм эркек башым менен сайма сайганымдан уялып жүрдүм. Эл аялдын жумушун жасап жатат дейт го деп үйгө киши келсе жашынып калчумун. Кийинчерээк эле кенен отуруп сайып калдым.

— Бул сайманы ар бир эле адам үйрөнө алабы, же өзгөчө бир шык-жөндөм керекпи?
— Албетте талант, идирек керек. Биринчи чыдамкайлык, анан талыкпаган эмгек зарыл. 

— Сизге келип өнөр үйрөнөм дегендерге көз карашыңыз кандай. Ушундай сунуштар менен кайрылгандар болобу?
— Көз карашым ырас эле. Келип үйрөнүшсө жакшы болот эле. Менде ичи тарлык деген жок. Кудайдын буюрганы да. Өткөндө бир жигит телефонумду алып, мага жолугат элем дептир. Келем дегендерге үйрөтөм. 

— Бул саймага эмнелер керектелет?
— Илгери түстүү жиптерди алыш үчүн ар кайсы кийимди чубап, жандырып алчубуз. Азыр жиптин каалаган өңүн тапса болот. Адатта төрт, беш жипти бир саптап алып саям. Шибеге сыяктуу сайгычтын учу кадимки мал доктурдун ийнесинен жасалган. Материал керектелет. Чекесиндеги жыгачтарын өзүм жасайм. 

© Фото / Гулдана ТалантбековаСаймачы Алмаз Жумагулов уз жубайы менен
Интервью с саймачи из Ак-Талинского района Алмазом Кожогуловым - Sputnik Кыргызстан
Саймачы Алмаз Жумагулов уз жубайы менен

— Учурда үй-бүлөңүздү сайма менен багып жатасыз десем жаңылышпаймбы?
— Ооба, албетте. Буйрутмаларга жараша татаал портрет, картиналарды саймага түшүрөм. Колуктум майда-чүйдө кооз сүрөттөрдү саят. Андан сырткары кыздарыма, келиндериме да үйрөткөм. Бирок аларга сүрөтүн мен чийип берем. Жогоруда айтып кеткендей бул өнөр сүрөтчүлүктү да талап кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0