Өкмөт башчы айыл мектептерин интернет менен камсыз кылууну тапшырды

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүНоутбук менен окуп жаткан окуучулар. Архив
Ноутбук менен окуп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган тапшырманы Бакыт Шаршембиевге тапшырды.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиевди кабыл алгандыгын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков жаңы ачылган комитеттин алдында маанилүү тапшырмалар коюлганын баса белгиледи.

"Коомчулук силерге чоң үмүт артып отурат. "Электрондук өкмөт", "Маалыматтардын ачыктыгы" долбоорлорун ишке ашыруу менен өкмөттүн эл менен чогуу иштешүүсүн жакшыртуу керек. Мындан сырткары, айылдарга интернет жеткизүү өтө маанилүү", — деди Жээнбеков. 

Ал "Кыргызпочтасы" ишканасындагы реформаларды жүргүзүү керектигин айтып, "Бирдиктүү терезе" долбоорун батыраак ишке киргизүү тапшырмасын койду. 

Өз кезегинде Шаршембиев учурдагы жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

"Комитет учурда 12 долбоор менен иштеп жатат. Эки мамлекеттик кызмат электрондук версияга өттү. Жыл аягына чейин дагы 20 мамлекеттик кызматты электрондоштуруу пландалууда", — деди Шаршембиев. 

Ал өлкө аймагындагы мектептерди интернет менен камсыздоо жана электрондук өкмөт долбоорлору жакынкы күндөрү ишке аша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0