"Манас" аэропортунда "барымтада" калган адам бошотулуп, өлкөгө киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропоттон чыгып жаткан адам. Ахрив
Аэропоттон чыгып жаткан адам. Ахрив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алексей Поповдун жарандык паспорту болбогондуктан ал Кыргызстанга киргизилген эмес.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алексей Попов аттуу адам алты күн мурда Кыргызстанга учуп келип өлкөгө кире албай калган.

Аэропорттогу адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аэропортто "барымтада" калган жаран бул окуяга кантип туш болгонун айтып берди
31-июлда ал Краснодар — Бишкек каттамы менен келген. Бирок, документтери жок болгондуктан өлкөгө киргизилген эмес. Ал чек ара кызматкерлерине Россияда жашагандыгы тууралуу гана документти көргөзгөн.

Попов анын Бишкектеги кызы бир жума бою керектүү документтерди чогултуп, аны чыгарып алууга аракеттерди көргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

"Мен Кыргызстанга ооруп жаткан ата-энемди көрөйүн деп келгем. Россиядан жашаганымды гана тастыктаган документ менен келгем. Кыргызстанга келгенде өлкөгө киргизбей коюшту. Мына ошентип бир жума өтүп кетиптир. Менин курсагымды тойгузуп, керектүү жардамды берип турган чек арачыларга ырахмат айтам", — дейт ал.

Кызы Мария Попова атасы Кыргызстанга кирүүсү үчүн чакыруу арызын толтурууга туура келгенин билдирди.

"Чакырууну мамлекеттик каттоо кызматынан толтурдук. Оор болду, бирок жардам берген кишилерге миң мертебе ыраазымын", — деди ал.

Попов дароо эле ата-энесине бара турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0