Атамбаев Көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу маалымат укту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев
Президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Ысык-Көл облусунда жарандар менен меймандардын эс алуусу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүүгө тийиш экенин белгиледи.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Ысык-Көлдүн жетекчиси президентке облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуунун жүрүшү тууралуу айтып берди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна катыша турган өлкөлөрдүн саны 29га жетти
Акибаев мындан тышкары, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык боюнча комплекстүү иш-чараларга, облуста туристтик сезонду өткөрүү, курорттук чөйрөнү өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле президенттин курулуп жаткан объектилерди кыдыруу маалында айтылган пикирлери менен сунуштарын ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолду.

Президент Ысык-Көл облусунда жарандар менен меймандардын эс алуусу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүүгө тийиш экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, Көл боюнда сентябрда өтө турган эл аралык ири иш чара — II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары менен келген конокторду жогорку деңгээлде тосуп алуу зарыл. Атамбаев бул Кыргызстандын беделин көтөрөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0