"Көлдүк мамонт" геологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы менен чогуу иликтенет

© Канат БолотовЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда табылган мамонттун калдыктары. Архив
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда табылган мамонттун калдыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын 10-мартында Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн таап алышкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда табылган мамонттун калдыктары ал табылган аймакта жүргүзүлө турган геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен чогуу иликтене турганын палеонтолог Айзек Бакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Көлдүк мамонтту" таап алган тургундар смартфон менен сыйланды
Белгилей кетсек, 2016-жылы 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн табышкан. Аны Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар тобу барып казып алышкан. Кыргыз окумуштуулары табылган калдыкты изилдөөгө күчтөрү жете турганын айтып, мамонттун баш сөөгү башка мамлекетке чыгарылбай турганын билдиришкен. 

Бакиров мамонттун калдыктары табылган аймакка геологиялык изилдөө жүргүзүлө электигин айтып, сентябрь айында окумуштуулардын тобу Ысык-Көл облусуна барууну пландап жатканын айтты.

"Палеонтологиялык табылга алынган жерди геологиялык жактан да изилдөөгө алыш керек. Буюрса, сентябрда окумуштуулар ал жерге барат. Балким жаңы табылгалар дагы чыгып калышы мүмкүн. Биз бир гана мамонттун сөөгү табылган эле жерди эмес, ошол аймакты толук иликтейбиз", — деди ал.

Окумуштуу табылган мамонттун сөөгү геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен чогуу карала турганын айтып, изилдөө иштери качан башталарын так айтуу кыйын экенин кошумчалады.

Жок болуп кеткен кайсы жаныбарлардын сөөктөрү Кыргызстанда табылган бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0