"Көлдүк маньяктын" ишин ИИМ башчысы жеке көзөмөлгө алды

Жазылуу
Буга чейин Ысык-Көлдө бир аял кичинекей баласынын көзүнчө зордукталганы айтылган. Шектүү киши колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "көлдүк маньяк" деп аталган ишти жеке көзөмөлүнө алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Камакка алынган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баласынын көзүнчө энесин зордуктады деген таксист окуянын чоо-жайын айтып берди
Буга чейин ЖМКларда Ысык-Көлдүн Тоң районунда бир аял кичинекей баласынын көзүнчө зордукталганы жазылган. Милиция кылмыш изин суутпай шектүү катары таксистти колго түшүргөн. Тергөө анын бир катар ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт.

ИИМдин маалымат кызматы азырынча иштин чоо-жайын айтып бере албай турганын, бул ишти министр Жунушалиев өзү көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0