ОшМуда имамдар сүйлөө маданияты менен убакытты туура пайдаланууну үйрөнүүдө

Жазылуу
Иш-чара муфтият жана "Ыйман" фонду тарабынан уюштурулууда.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинде Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын райондорунан келген имамдар үчүн семинар өтүүдө.

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен "Ыйман" фонду тарабынан уюштурулган.

Семинарда дин кызматкерлерине "Жаңы технологияларды колдонуу ыкмалары", "Кеп маданияты", "Кыргызстандагы конфессиялар", "Тайм менеджмент (убакытты туура пайдалануу)" боюнча сабактар окутулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0