КРге келүү үчүн сазга батып ылакапка айланган Игорь Ысык-Көлгө чакырылат

© Фото / Алексей Назаров"ВКонтакте" сайтында өткөн конкурс үчүн сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаров. Архив
ВКонтакте сайтында өткөн конкурс үчүн сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Игорь Назаровду Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу пландалууда.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. "ВКонтакте" сайтында өткөн конкурс үчүн сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаровду Кыргызстанга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти алып келүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган департаменттин жетекчиси Азамат Жаманкулов билдирди. 

ВКонтакте сайтында болгон конкурска сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаров - Sputnik Кыргызстан
Сынактан утулуп калган россиялык окуучуну КРге алып келүү демилгеленүүдө
Июнь айында "ВКонтакте" сайтында паблик "Как я встретил столбняк" тайпасында сынак болгон. Катышуучулар адаттан тыш өзгөчө жерден өзгөчө сүрөткө түшүп, аны жарыялашы керек болчу. Жеңүүчү Кыргызстанга келип кетүүгө жолдомо же 15 миң рубль акчалай сыйлык алмак.

Конкурстун жыйынтыгында сазга батып сүрөткө түшкөн Назаров экинчи орунду алган. Жеңүүчү random сайты аркылуу аныкталып, Сергей Малой мыкты деп тандалган. Бирок ал Кыргызстанга келүүдөн баш тартып, акчалай сыйлыкты алган болчу.

Буга чейин Игорь Назаров Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде Кыргызстанга келүүнү самай турганын билдирген.

Ал ортодо интернет колдонуучулар Кыргызстанга келүүнү каалаган мектеп окуучусу үчүн акча чогултууну демилгелеп чыгышкан. 

"Биз Игорь Назаровду бир тууган агасы менен кошо Кыргызстанга чакырууну туура көрдүк. Аларды "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы алып келип, кайра жеткирип коет. Ал эми тамак-аш жана жатакана маселесин биздин департамент көтөрөт. Конокторду Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыралы деп жатабыз", — деди Жаманкулов.

Ал Игорь Назаров агасы экөө Кыргызстанга 5-7 күнгө келээрин кошумчалады. 

Эскерте кетсек, учурда департаменттин бул оюн Игорь Назаров биле элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0